Казакстанда «жашыл» энергия үлүшүн 2 эсе көбөйтүү пландалууда

Казакстанда «жашыл» энергия үлүшүн 2 эсе көбөйтүү пландалууда

Казакстан кайра жанма энергия булактарынын үлүшүн көбөйтүүнү көздөөдө. Бүгүнкү күндө өлкөдөгү альтернативдүү энергиянын жалпы электр энергиясын өндүрүү көлөмүндөгү үлүшү 7% түзөт. Ал эми 2030-жылга чейин бул көрсөткүч 15% чейин жетет. Тактап айтканда, өлкөдөгү «жашыл» энергия объекттеринин саны көбөйөт. Учурда республика аймагында жалпы кубаттуулугу 3,5 ГВттык 162 станция иштейт. Алардын катарында шамал, күн, суу жана биогаз электр станциялары бар. Ошондой эле, Алматыдагы көмүр менен иштеген электр станцияларын 2026-жылдын аягына чейин газга өткөрүү пландалган. Бул маселени Президент Курултайда көтөрдү. Касым-Жомарт Токаев энергетикалык системанын туруктуу иштешин камсыз кылуу үчүн эң алды менен газга негизделген кубаттуулуктарды тез арада ишке киргизүү керектигин белгиледи.

Сунгат Есимханов, Энергетика вице-министри:

- Маңгыстау облусунда «КазМунайГаз» өнөктөштөрү менен бирге өз муктаждыктары үчүн гибриддүү станция куруп жатат. Анда күн, шамал жана газ электр станциялары бириктирилип, бири-бирин жөнгө салып турат. Күн менен шамал болбогон кезде газ станциясы иштеп, бул аймакты керектүү энергия булагы менен жабдуунун ишенимдүүлүгүн арттырат. Ошондой эле, биз энергия топтоо системаларын да өнүктүрөбүз.

Которгон: Илгиз Жамалбеков