Казакстан менен
Кытайдын ортосундагы чек арада жайгашкан «Майкапшагай» өткөрүү пунктуна баруучу
жол кайрадан жаңыланды. Өлкөнүн чыгыш аймагын басып өтүүчү трассага президенттин
тапшырмасы менен масштабдуу оңдоо иштери жүргүзүлдү. Эки тилкеден 6 тилкеге
чейин кеңейтилген магистраль Казакстан, Орусия жана Кытайдын ортосундагы
транзиттик байланышты чыңдоого багытталган. Ал Батыш Европа – Батыш Кытай эл
аралык коридорунун маанилүү бөлүгү. Бул республикадагы эң ири долбоорлордун
бири. 415 чакырым жаңы жолду төшөөгө 2 миңге жакын адис тартылган. Инженерлер
сапатка чоң маани берилгенин айтышат. Бүгүнкү күндө Калбатау-Майкапшагай жолу
унаалардын каттамы менен жүктөрдүн агымын кабыл алууга даяр.
Даулет
Серикбаев, «КАЗАВТОЖОЛ» УК облусттук филиалынын башкы адиси:
- Учурда бардык
негизги оңдоо иштери аяктап, көрктөндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Ага 2,5 млрд
теңге бөлүндү. Бул иштерди жетинин айынын аягына чейин аяктоо пландаштырылган.
Максутбек
Салимгожинов, Долбоордун жетекчиси:
- Майкапчагайдын
казакстандык тарабында алты тилкелүү жол салынды. Ушунун аркасында транзиттик
коридордун өткөрүү жөндөмдүүлүгү бир нече эсеге артты. Унаа тыгындары азайды.
Ошентип, Казакстандын башка өлкөлөр менен логистикалык байланышы кыйла жакшыра
түштү. Мындай абдан масштабдуу жана өлкө үчүн маанилүү долбоорго салым кошуп
жатабыз.
Эми максат
өткөрүү пунктуна кире бериш жолдорду толук жаңылоо. Алты тилкелүү жол чек
аралык терминалга чейин жетет. Азыр бул жерде жүк ташуучу унаалар үчүн кең
токтоочу жай курулуп жатат. Электрондук кезек системасы киргизилди. Көлүк
коридорунун ачылышы Казакстандын транзиттик дараметине жаңы дем берет дейт
адистер.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

