Казакстандын жартылышы Кытай блогерлерине көрсөтүлдү

Казакстанга КЭРнан миллиондон ашык окурманы бар белгилүү блогерлер келишти.  Чет элдик конокторго республиканын жаратылышынын кооз жерлери жана туристтик аймактары көрсөтүлдү. Астана жана Алматы шаарларында атайын маалыматтык тур уюштурулуп, алар Иле-Алатауы, Шарын жана Бурабай улуттук сейил бактарында болушту. KAZAKH TOURISM улуттук компаниясынын маалыматына караганда, Алматы, Астана шаарларынын жана Акмола облусунун акимчиликтеринин колдоосу менен борбор калаада улуттук ресторандын ачылышына атайын инфлюенсерлер чакырылды.

Шырын Мусина, «KAZAKH TOURISM» улуттук компаниясынын бренд жана маркетинг департаментинин башкаруучу мүдүрү:

– Казакстандын Кытайдагы туризм жылынын алкагында борбор калаадагы Sandyq Kazakh ресторанынын ачылышына 20 миллиондон ашык аудиториясы бар кытайлык белгилүү блогерлер чакырылды. Өлкөгө келген коноктор Казакстан туристтер арасында эң популярдуу аймакка айланат деген пикирлерин айтышты. Алар өлкөнүн көз жоосун алган жаратылышынын кооздугун сүрөткө жана видеого тартып, өз баракчаларына бөлүшүштү. Белгилей кетсек, соңку кезде Казакстан КЭРнын жарандарынын арасында чоң кызыгууну жаратууда.

Которгон: Илгиз Жамалбеков