К.Токаев америкалык компаниялардын жетекчилери менен бир катар жолугушууларды өткөрдү

К.Токаев америкалык компаниялардын жетекчилери менен бир катар жолугушууларды өткөрдү

Казакстандын Президенти Вашингтонго болгон жумушчу сапарынын алкагында АКШнын ишкер чөйрөлөрүнүн өкүлдөрү менен жолугушту. Касым-Жомарт Токаев U.S. International Development Finance Corporation уюмунун аткаруучу мүдүрү Бен Блэк менен жолугушту. Тараптар тоо-кен тармагында, транспорттук-транзиттик инфраструктура жаатында биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруунун келечегин талкуулашты.

Андан соң мамлекет башчысы Boeing трансулуттук корпорациясынын жетекчилиги менен жолугушууда Казакстандын авиакомпаниялары биргелешкен долбоорлорду мындан ары да илгерилетүүгө кызыкдар экенин белгиледи. Ошондой эле Касым-Жомарт Токаев жана Джефф Шокки авиация тармагы үчүн ата мекендик адистерди даярдоо маселелерин жана өлкөдө жүк ташуучу учактар паркынын өнүгүү келечегин талкуулашты.

Андан соң Президент Касым-Жомарт Токаев Ashmore Group компаниясынын башкы мүдүрү Марк Кумбс менен жолугушту. Мамлекет башчысына Казакстанда эл аралык клиника куруу пландары тууралуу маалымат берилди. Бул маанилүү долбоорго өлкөнүн өкмөтү ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө даяр, деп баса белгиледи Президент.

Касым-Жомарт Токаев ошондой эле Mars компаниясынын башкы аткаруучу мүдүрү Пол Вайраухту кабыл алды. Президент Казакстандын Айыл чарба министрлиги менен компаниянын ортосунда 180 миллион долларлык инвестициялык келишимге кол коюлганын кубаттады. Атап айтканда, Алатау шаарында үй жаныбарлары үчүн тоют чыгаруучу завод курулат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков