Казакстан менен Кытай ортосундагы темир жол жеткирүүлөрү 12%-га өстү

Казакстан менен Кытай ортосундагы темир жол жеткирүүлөрү 12%-га өстү

Үстүбүздөгү жылдын 5 айында Казакстан менен Кытайдын ортосундагы темир жол аркылуу жүк ташуу көлөмү 13 миллион тоннаны түздү. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 12%-га көп. Бул жаатта Казакстандын экспорту 8 миллион тоннага чейин өстү. Өлкөнүн магистралдык темир жол тармагынын башкы операторунун маалыматына караганда, Алтынкөл-Хоргос станцияларынын ортосундагы жүк ташуу 7%-га өсүп, 5 млн 300 миң тоннага жетти. Ал эми «Достук» станциясы аркылуу КЭР-на жана кайра артка 7,5 миллион тонна 17 пайызы жиберилди. Белгилей кетсек, Казакстан Кытайдан Европага жүк ташууну 5 эсеге көбөйтүүнү көздөп жатат.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков