Казакстанда үстүбүздөгү жылдын жети айында негизги капиталга салынган инвестициянын жалпы көлөмү 10 трлн теңгеге жакын болду. Бул өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 16% көп. Бул тууралуу өлкөнүн Өкмөтү билдирди. Инвестициялардын негизги үлүшү тоо-кен өнөр жайы, кыймылсыз мүлк, транспорт жана кампалоо, билим берүү, айыл чарбасы жана саламаттыкты сактоо сыяктуу тармактарга тиешелүү. Белгилей кетсек, өлкөдө Президенттин тапшырмасы менен 2029-жылга чейинки инвестициялык саясат концепциясы кабыл алынды. Документтин максаты – негизги капиталга инвестиция деңгээлин ИДӨнүн 23%ына чейин, тышкы салымдар үлүшүн 30%га чейин арттыруу. Ошондой эле ушул аралыкта 150 млрд доллар көлөмүндө тикелей чет элдик инвестиция тартуу мерчемделген. Бүгүнкү күндө Улуттук санариптик инвестициялык платформага жалпы наркы 76 трлн теңгеден ашкан 1 100 инвестициялык долбоор жүктөлгөн. Ушул жылы анын ичиндеги 5,6 трлн теңге боло турган 413 долбоорду пайдаланууга берүү пландалууда.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

