Мамлекет башчы Алматы облусунун акими Марат Султангазиевди кабыл алды

Мамлекет башчы Алматы облусунун акими Марат Султангазиевди  кабыл алды

Алматы облусу боюнча жалпы аймактык өнүм көлөмү 5 триллион теңгеге жетти. Бул көрсөткүч боюнча облус республикада бешинчи орунда турат. Аким Марат Султангазиев мамлекет башчыга үстүбүздөгү жылдын 5 айындагы облустун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн негизги жыйынтыктары тууралуу маалымат берди. Ал ошондой эле Касым-Жомарт Токаевды аймактын инвестициялык портфели тууралуу кабардар кылды. Ал 2030-жылга чейин 3 триллион 700 миллиард теңгеге 207 долбоорду камтыйт. Алардын 60ка жакыны быйыл ишке ашырылат. Жолугушуунун жүрушүндө Конаев, Алатау шаарларын жана бүтүндөй агломерацияны өнүктүрүү келечектери талкууланды. Казакстан президенти Alatau City долбоорун ишке ашыруу үчүн дараметтүү инвесторлор менен мамилени жандандырууну тапшырды. 

Которгон: Илгиз Жамалбеков