Астанада футзал боюнча 22-эл аралык салттуу турнир өтүүдө. Казакстандын
ышкыбоздор курама командасы топ оюнунун бул түрү боюнча дүйнөлүк рейтингде
биринчи орунда турат. Белгилей кетсек, мини-футболдун SOCCA форматында улуттук
курама катары менен экинчи жолу Европа чемпиону болду. Молдованын борбору
Кишинев шаарында өтүп жаткан Эски континент чемпиондугунун финалында казакстандыктар
Хорватия курама командасын 3:0 эсебинде утуп алды. Мунун аркасында ата мекендик
футзалды өнүктүрүп келе жаткан «ASTANA FÝTBOL LIGASY» Азия континентинде спорттун бул түрүн
өнүктүрүүдө алдыңкы орунда.
Серик Мажитов, SOCCA форматындагы мини-футболдун Европа чемпиону:
-Албетте, континенталдык мелдешке чыгуу кыйын. Былтыр
Казакстандын атынан «Сайран» командасы чемпион болгон. Бул ийгилик Казакстан
үчүн бекеринен болбогонун далилдөө керек болду. Ошол атактуу наамды коргоп, Казакстандын
намысын колдон чыгарбадык деп ойлойм.
Мурат Елеупов, ASTANA FÝTBOL LIGASY президенти:
-Быйыл SOCCA форматында Азия чемпионатын өткөрүүнү пландап жатабыз. Учурда ал пландалууда. Анткени, биринчи кезекте Азиянын башка өлкөлөрүндөгү кесиптештерибиз менен байланыш түзүшүбүз керек. Учурда бул спорттун түрү Азиянын 29 өлкөсүндө бар. Алгач бул форматты иштеп чыгуу үчүн бир нече топ менен мелдеш уюштурганы жатабыз. Андан кийин бутка бекем туруп, турнирди дүйнөлүк чемпионаттарга тандоо оюну катары эсептелген деңгээлге көтөрөбүз.
Которгон: Илгиз Жамалбеков