Фермерлерге жеңилдетилген насыянын көлөмү 700 миллиард теңгеге чейин өстү. Айыл чарба өндүрүүчүлөрүн колдоо чараларын, ошондой эле жазгы талаа иштеринин жүрүшүн бүгүн Казакстандын Премьер-министри агросектордун атамекендик өкүлдөрү менен талкуулады. Анда алдыдагы 5 жыл ичинде агроөнүм өндүрүшүн эки эсеге көбөйтүү келечеги каралды. Эскерте кетсек, мындай милдетти мамлекет башчысы Улуттук курултайдын жыйынында койгон. Бүгүнкү күндө дыйкандар мамлекеттик колдоо алышат. Алсак, Айыл чарба техникасынын лизингин каржылоо 200 миллиард теңгеге чейин 5% га өскөн. Мындан тышкары, кепил катары техниканын өзү, ал эми салым катары – салымсубсидиялар болушу мүмкүн. Ушундай эле колдоо куралдары бордоп семиртүүчү жайлар үчүн иштелип жатат. Мындан тышкары, айыл чарба министрлиги селекция жана асыл тукум иштерин субсидиялоо системасын кайра карап чыгууну көздөп жатат.
Олжас
Бектенов, Казакстандын Премьер-министри:
- Президент Айыл чарба тармагына өзгөчө көңүл буруу керектигин көп айтат. Бул биринчи кезекте азык-түлүк коопсуздугу. Ал эч качан өз актуалдуулугун жоготпойт. Бардык механизмдер улантылат. Жыйынтыгы жемиштүү болот деп ишенебиз. Акырында, биз атаандаштыкка жөндөмдүү айыл чарба тармагын түзө алабыз.
Айдарбек
Сапаров, Айыл чарба министри:
- Бул
- өлкөдө жазгы айдап-себүү өнөктүктөрүн жеңилдетилген насыя менен камсыздоо
боюнча жаңы рекорд. Буга чейин каржылоо көлөмү 140 миллиард теңгеден ашкан
эмес.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

