Москвада Касым-Жомарт Токаев менен Венесуэланын
президенти Николас Мадуро жолугушту. Мамлекет башчысы Венесуэланы өлкөнүн
маанилүү өнөктөшү деп эсептей турганын белгиледи. Буга байланыштуу Николас
Мадурону Казакстанга мамлекеттик визит менен келип, өз ара аракеттенүүнү
талкуулоого чакырды. Маектин жүрүшүндө экономикалык мамилелерди өнүктүрүүгө,
өзгөчө энергетика тармагындагы кызматташтыкка өзгөчө көңүл бурулду.
Жолугушуунун жыйынтыгында сооданы активдештирүү максатында экспортко татыктуу өнүмдөрдүн
тизмесин иштеп чыгуу боюнча макулдашылды.
Касым-Жомарт Токаев Мьянманын Премьер-министри Мин Аун Хлайн
менен да жолугушту. Тараптар мунай-химия, айыл чарба, санариптештирүү, транспорт-логистика
жаатында кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты. Казакстандын президенти
бизнес-коомчулуктун өкүлдөрүнүн өз ара сапарларын уюштурууну жана экономикалык
интеграцияга жаңы дем берүүнү сунуштады.
Ошондой эле Мамлекет башчысы Сербиянын Президенти
Александр Вучич менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Мамлекет башчылары эки тараптын мурда
жетишилген макулдашууларды ишке ашырууга берилгендигин ырасташып, Сербия президентинин
Астанага быйыл пландалган иш сапары учурунда эки тараптуу жана көп тараптуу күн
тартибиндеги маселелерди талкуулоону макулдашышты.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

