«Казакстан жана Улуу Британия. Стратегиялык өнөктөштөр». Дал ушундай аталышта Туманды Альбиондо Лондон менен Астананын ортосундагы дипломатиялык мамилелердин 30 жылдыгын даңазалаган китептин бет ачары өттү. Казакстандык жана британиялык жогорку даражалуу саясатчылар өздөрүнүн эскерүүлөрү менен бөлүшүп, кызматташуунун бүгүнкүсү жана келечеги тууралуу кеп козгошту. Улуу Британия Улуу Талаа өлкөсү менен расмий дипломатиялык мамилелерди түзгөн алгачкы мамлекеттердин бири болгон. Казакстанда жүргүзүлүп жаткан масштабдуу реформалар кызматташтыкты мындан ары да чыңдоого жол ачат,- дешет китептин авторлору. Бул демилгелер эл аралык терроризм, глобалдык жылуулук, өзөктүк, азык-түлүк, суу жана энергетикалык коопсуздук сыяктуу түрдүү чакырыктарга биргелешип каршы турууга мүмкүндүк берет.
Майк Гиффорд, Улуу Британиянын Казакстандагы мурдагы элчиси:
Акыркы айларда саясий жана экономикалык реформалар жүрүп жатканын байкадык. Бул британ өкмөтү колдошу керек болгон демилгелер деп ойлойм. Шайлоо, саясий партиялар жана президенттик мөөнөттөгү акыркы өзгөрүүлөр өкмөттү эле эмес, бизнес чөйрөсүн да кубандырат. Анткени Казакстандын бул багытта оң натыйжаларга жетишүүсү инвесторлор үчүн пайдалуу.
Улуу Британия Казакстандын экономикасына 20 миллиард доллардан ашык инвестиция салган. Акыркы 2 жылда бул тенденцияга коронавирус пандемиясы да кедерги боло алган жок. Тескерисинче, оң динамика байкалып, 2021-жылы инвестициянын көлөмү акыркы 9 айдын жыйынтыгы боюнча 20%га, эки тараптуу сооданын көлөмү 61%га өскөн.
Магжан Илиясов, Казакстандын улуу Британиядагы элчиси:
30 жылда саясаттагы жана экономикадагы жетишкендиктер гана талдоого алынбастан, стратегиялык өнөктөштүктү бекемдөө боюнча келечекте аткарыла турган иштер да талданды. Эгерде масштабдуу аймактарды ала турган болсок, айыл чарбасы, тоо кен өндүрүшү, жашыл энергетика, транспорт жана логистика тармактарынын келечеги кызыктырат.
Алдыдагы убакытта парламентарийлер ортосундагы кызматташтыкты күчөтүү көздөлгөн. Мындан тышкары, ишкердик-кеңеш жана чакан жана орто бизнес байланыштары багытында Казакстан менен Улуу Британияга артыкчылык берүү пландалып жатат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков