Өлкө технологияларды тартууга гана эмес, тетиктерди жана жабдууларды чыгарууга да кызыкдар. Берлинде немис ишкерлери, унаа жасоочулар союзу жана Казакстандын өнүктүрүү банкынын өкүлдөрү бул багыттагы кызматташтыктын дараметин талкуулашты.
Мейрам Пишембаев, Казакстан унаа жасоочулар бирикмесинин президенти:
- Германиянын унаа жасоо өнөр жайы абдан өнүккөн. Бул дүйнөдөгү лидерлердин бири. Ошондуктан биз аталган мамлекет менен алака түзүп, жаңы технологияларды киргизип, биргелешкен өндүрүш ачып, жогоруда атап өткөндөй унаа жасоо тармагында өлкөбүздүн импортун азайтып, аны толук камсыз кылып, ал унаалар менен экономикабызды кошуна мамлекеттерге экспортко чыгарууга мүмкүнчүлүк туулат.
Казакстандын өкүлдөрү өлкөгө инвесторлор үчүн түзүлгөн шарттар тууралуу маалымат беришти. Ошондой эле тоо-кен, мунай-газ жана металлургия тармагында унаа жасоо багытында кызматташууну активдештирүү сунушу айтылды. Ошондой эле Казакстанда көптөн бери иштеп келе жаткан компаниялар өз тажрыйбалары менен бөлүштү. Маселен, айыл чарба унааларын жасап чыгаруу боюнча дүйнөлүк алдыңкылардын бири биздин мамлекетте өзүнүн тармагын кеңейтүүнү мерчемдеп жатат.
Катрина Клаас, Мюльхаузер CLAAS тобу акционерлер кеңешинин төрагасы:
- Петропавлда биздин өндүрүш башталды! Кызматташтык өнүгүп жатканына биз абдан кубанычтабыз. Биз тереңдетип, андан ары өнүктүрүүгө ниеттенип жатабыз. Менин оюмча, биздин товарлардын линиясы кеңейет, анткени кардарлар жана инвесторлор тарабынан кызыгуучулук чоң.
Белгилей кетсек, Казакстан президентинин катышуусунда бугу айында Астанада унаа жасоочулардын 11-форуму өтөт. Конференцияга немис ишкерлери жана инвесторлору чакырылган. Бул маанилүү жолугушууда тараптар өнөктөштүктүн жана биргелешкен долбоорлордун чөйрөсүн кеңейтүү мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков