2024-жылдын 3
айынын жыйынтыгы боюнча мамлекеттик бюджетке 4,5 триллион теңгеге жакын каражат
түштү. Мамлекет башчысы Каржы министринин жыйынтык маалыматын укту. Мади Такиевдин айтымында, быйыл 300 миллиард
теңгеден ашык сумманы кыскартуу сунушталууда. Бул каражаттар экономикалык
жактан кайтарым эң жогорку кирешелүү чараларга жумшалат. Ошондой эле, өлкө президентине Евразиялык экономикалык биримдиктин
бажы чек арасындагы инфраструктураны жаңылоо жумуштары тууралуу маалымат
берилди. Долбоорду ишке ашыруу өткөрүү жөндөмдүүлүгүн 6 эсеге чейин
жогорулатууга, транзиттик убакытты 2 эсеге кыскартууга, күнү-түнү онлайн
режиминде товарларды жана транспорт каражаттарын текшерүүнү көзөмөлдөөгө
мүмкүндүк берет. Жыйындын соңунда Касым-Жомарт Токаев каржы министрине бюджеттин
тең салмактуулугун камсыздоо, ошондой эле, санариптештирүү аркылуу өлкөнүн салыктык жана бажылык башкаруу тармагын жакшыртуу боюнча бир
катар тапшырмаларды берди.
Которгон:
Илгиз Жамалбеков