Казакстандын туризм тармагы чоң дараметке ээ. Муну
көптөгөн адамдар, кесипкөй серепчилер жана саякатчылар да белгилешет. Өлкөдө
туризмдин көптөгөн түрлөрүн өнүктүрүүгө болот. Мисалы, бай табигый жана
маданий-тарыхый мурастары бар аймакта активдүү, экологиялык, ал тургай тамак-аш
саякатын илгерилетүү үчүн шарттар бар. Бул маселе боюнча пикирге АКШнын мурдагы
элчиси Дэниел Розенблюм да кошулат. Дипломат улуттук тамак – кайнатылган эт-ал
үчүн чыныгы жаңылык болгонун жана АКШга кайтып келгенден кийин анын өзгөчө
даамын сагынаарын жашырбайт. Ал Казакстанда иштеген жылдары бардык аймактарды аралап
чыкканын белгиледи. Улуттук эстеликтерди, кооз жана популярдуу жерлерди изилдеди.
Дипломат өзүнүн Казакстанга болгон жеке тажрыйбасы тууралуу казак улуттук
туризм компаниясынын жетекчиси менен бөлүштү.
Дэниел Розенблюм, АКШнын казакстандагы мурдагы элчиси:
- Мен Казакстандын географиясын АКШнын жерлерине караганда
алда канча жакшы билем десем аша чаппайм. Өткөн жылдын күзүндө Оралга болгон
сапарымда мен жүзүм жана алма бактарына баруудан эстен кеткис таасир алдым. Бул
жемиштерди изилдөө менен алектенип, уникалдуу сортторду өстүргөн жуп
окумуштуулар менен тааныштым. Алардын максаты биологиялык ар түрдүүлүктү
сактоо. Сынап көрүү үчүн бакчага барып, өз колубуз менен чогулттук. Чынында
даамы сонун. Муну сөз менен айтып жеткирүү кыйын. Дүкөндүн текчелеринен өтө
адаттан тыш бакча өсүмдүктөрүн таба албайсыз.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

