К. Токаев «Отан Ана» монументине гүлчамбар койду

Касым-Жомарт Токаев «Отан Ана» монументине гүлчамбар койду. Мамлекет башчысы жана салтанаттуу иш-чарага чогулган фронтовиктер, ооруктун эмгекчилери менен кайрымдуу казакстандыктар Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында курман болгон жоокерлердин рухуна таазим кылып, аларды бир мүнөт үнсүз туруп эскеришти. Андан соң Президенттик оркестр Мамлекеттик гимнди аткарып, Ардактуу кароолдун ротасы иш-чаранын катышуучуларынын алдынан сап түзөп өттү. Касым-Жомарт Токаев ардагерлерди Жеңиш күнү менен куттуктады. Эске сала кетсек, бүгүнкү күндө Казакстанда 148 согуштун ардагери бар.

 

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков