Президент Касым-Жомарт Токаев Астана LRTнын ишке киришине катышты. Мамлекет башчысы алгач Бирдиктүү диспетчердик борбордун иши менен таанышты. Дал ушул жерден борбор калаанын коомдук транспортунун, анын ичинде LRT системасынын ишине мониторинг жүргүзүлүп, жөнгө салынат. Бул жерде 20дан ашык кызматкер иштейт. Касым-Жомарт Токаев келечекте борбор Евразиянын транспорттук хабына айланышы керектигин баса белгиледи. Ал долбоорду ийгиликтүү ишке ашыргандыгы үчүн кытай тарапка ыраазычылык билдирип, курулушка катышкан бардык компанияларды куттуктады. Президентке сериялык номери 001 болгон карта берилди. Мамлекет башчысы биринчи жүргүнчү катары аэропорттон «Улуттук музей» станциясына чейин барды. Белгилей кетсек, ар бир поезд 600дөн ашык жүргүнчү ташууга ылайыкталган. Узундугу 22 чакырымдан ашык болгон линияда 18 станция жайгашкан, алар аркылуу 15 поезд пилотсуз режимде каттайт. Мындан тышкары, учурда узундугу 26,5 чакырым болгон LRTнын экинчи этабын ишке ашыруу маселеси каралууда.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

