МАГАТЭ серепчилери Казакстандын өзөктүк инфраструктурасын текшерүүнү аяктады

МАГАТЭ серепчилери Казакстандын өзөктүк инфраструктурасын текшерүүнү аяктады

Мындай бааны Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттиктин серепчилер тобу берди. Эске сала кетсек, МАГАТЭнин адистери өлкөгө төрт күндүк миссия менен келишкен. Алар Казакстан атомдук энергетика программасын координациялоо, өзгөчө кырдаалдарды пландаштыруу жана радиоактивдүү калдыктар менен иштөө жаатындагы сунуштарды толугу менен аткарды деген бүтүмгө келишти. Буга чейин 2016-жылы МАГАТЭнин миссиясы Казакстандын өзөктүк инфраструктурасынын абалын карап чыгып, тармакты мындан ары өнүктүрүү боюнча сунуштарды берген.

Которгон: Илгиз Жамалбеков