Республиканын Премьер-министри Алихан Смаилов менен Астанада болгон жолугушууда «Гап Иншаат» компаниясынын өкүлү Ченгел Ази аталган долбоорду келечектүү деп атап, жалпысынан компаниянын республикадагы инвестициясын кеңейтүү ниетин билдирди. Өз кезегинде министрлер кабинетинин башчысы Түркия Казакстан үчүн маанилүү стратегиялык өнөктөш экенин, аны менен Өкмөт жаңы өз ара пайдалуу долбоорлорду ишке ашырууну кубаттай турганын белгиледи. Түркиянын дагы бир компаниясы « Alarko Holding» бул мүмкүнчүлүктү карап жатат. Анын президенти Йылдыз Умит Нури Казакстандын премьер-министри менен жолугушууда энергетика, темир жол жана жол куруу, сууну тазалоо жана таштандыларды кайра иштетүү тармактарында жаңы инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруунун келечегин талкуулады. Өкмөт башчы өз кезегинде компаниянын Казакстанда бир катар ири инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашырууга катышуусунун мааниси зор экендигин белгиледи. Атап айтканда, Алматы облусундагы БАКАД курулуш долбоору.
Которгон: Илгиз Жамалбеков