Казакстан араб өлкөлөрү менен кызматташуусун кеңейтүүдө. Аяк оона айынын 6-8де тышкы иштер министри Мухтар Тлеуберди Сауд Арабияда иш сапары менен болот. Бул тууралуу бүгүн Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Айбек Смадияров билдирди. Анын айтымында, министр Борбор Азия өлкөлөрүнүн жана Перс булуңундагы Араб мамлекеттеринин кызматташтык кеңешинин биринчи министрлеринин жыйынына катышат. Тараптар түрдүү тармактарда аймактар аралык кызматташуунун келечегин талкуулоого ниеттенишүүдө. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында, алдыдагы мезгилге өз ара аракеттенүү тартибин белгилеген атайын документтин кабыл алынышы күтүлүүдө.
Айбек Смадияров, тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү:
- Жыйынтыгында, саясат жана коопсуздук, экономика, билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият, маалымат каражаттары жана социалдык маселелер, жаштар, спорт, транспорт, суу ресурстары, энергетика сыяктуу тармактарды камтыган 2023-2026-жылдарга карата иш-чаралар планын кабыл алуу көздөлүүдө. Мындан тышкары, Тышкы иштер министринин Сауд Аравиянын тышкы иштер министри жана араб өлкөлөрүндөгү бир катар алдыңкы компаниялардын өкүлдөрү менен жолугушуулары каралган.
Казакстандын борборуна Рим папасы Франциск келет
Буга кошумча, Тышкы иштер министрлиги өлкөнүн алдыдагы ири эл аралык иш-чарага даярдыгы тууралуу маалымат берди. Эске салсак, аяк оона айынын 14-15 күндөрү борбор калаада дүйнөлүк жана салттуу диндердин лидерлеринин курултайы өтөт. Акыркы маалыматтар боюнча, ага дүйнөнүн 50 өлкөсүнөн 100дөн ашык делегация, 60 чет элдик маалымат каражаттарынын 230дан көп өкүлү катышаары күтүлүүдө. Ардактуу коноктордун бири өлкөгө биринчи жолу келе турган Рим папасы Франциск болот.
Айбек Смадияров, тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү:
- Негизинен католик чиркөөсүнүн башчысы Казакстанга экинчи жолу келет. Ал эми Рим папасы Францисктин өлкөбүзгө мамлекеттик иш-сапары Рим папасы Иоанн Павел II 2001-жылы Казакстанга келгенден бери биринчи жолу болот. Бул иш сапар Казакстандын биринчи кезекте, тынчтык үчүн диалогду чыңдоодогу маанилүү ролун тааныгандыгын айгинелейт.
Которгон: Илгиз Жамалбеков