Курык жана Актау портторунун өткөрүү жөндөмдүүлүгү жогорулайт

Курык жана Актау портторунун өткөрүү жөндөмдүүлүгү жогорулайт

Жыл башынан бери өлкөнүн Курык деңиз портуна жүк ташуу көлөмү 1,5 миллион тоннадан ашты. Жылдын аягына чейин анын көлөмүн 2,2 миллион тоннага жеткирүү пландалууда. Жалпы дараметтүү долбоордук кубаттуулугу жылына 6 миллион тоннаны түзөт. Бул мүмкүнчүлүктү толугу менен пайдалануу үчүн логистикалык кластерди түзүү жана паром флотун жаңылоо иштери жүрүп жатат. Ошондой эле быйыл дан терминалын ишке киргизүү мерчемделүүдө.

Айткали Нурмагамбетов, Курык портунун маркетинг секторунун башчысы:
– Анын кубаттуулугу жылына 1 миллион тоннаны түзөт. Бир жолку сактоо көлөмү 25 миң тоннага чейин болот. Төртүнчү чейректин башында, аяк оона айынын аягында, дан эгиндерин кабыл алуу боюнча биринчи сыноолор жүргүзүлөт.

Ошондой эле, Актау портунда контейнердик хаб куруу пландалууда. Ага Кытайдагы ири компаниялардын бири инвестор катары тартылды. Долбоор транспортту ыңгайлуураак кылууга багытталган. Үстүбүздөгү жылдын 8- айында порт аркылуу жүк ташуунун көлөмү 3 миллион тоннадан ашты. Негизги багыттары Иран, Түркмөнстан, Азербайжан жана Орусия. Жалпысынан анын кубаттуулугу 11 миллион тоннадан ашат. Үч мунай жана үч кургак кеме пристаны, дан терминалы жана паром комплекси бар. Мында объект Транскаспий эл аралык транспорттук каттамын өнүктүрүүдө маанилүү ролду ойнойт.

Которгон: Илгиз Жамалбеков