Курулуш Казакстандын экономикасынын кыймылдаткычы

Курулуш Казакстандын экономикасынын кыймылдаткычы

Курулуш тармагы мурдагыдай эле Казакстандын экономикасынын кыймылдаткычтарынын бири. Быйыл бул тармак көлөмдүн өсүшү боюнча алдыңкы орунда турат. Алты айдын жыйынтыгы боюнча бул жерде өсүш 9%дан бир аз ашты. Бул тууралуу финпром.kz порталы билдирди. Бүгүнкү күндө бул тармак өзүнүн таза түрүндө өлкөнүн ИДПсынын 5%ын түзөт. Ошол эле учурда бул багыт экономикага мультипликативдик таасир тийгизет, аны менен байланышкан тармактарды - өндүрүштү, атап айтканда машина курууну жана курулуш материалдарын өндүрүүнү, сооданы, транспорт-логистиканы жана башкаларга себеп болот. Мындан тышкары, аймак жаңы жумуш орундарын түзүүгө дем берип, өлкөдөгү ишкердик активдүүлүккө таасирин тийгизет. Алсак, баш оона айында 50 миңден ашык компания курулуш иштерин жүргүзгөн. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 11%га көп.

Которгон: Илгиз Жамалбеков