Казакстан экспорттун көлөмү боюнча рекорд койду. Анын деңгээли үстүбүздөгү жылдын үчтүн айы-аяк оона айларында 64 миллиард долларга жеткен. Бул көрсөткүч өткөн жылдын тогуз айына салыштырганда 47 жарым пайызга өсүп, 7 жылдын ичиндеги жылдык жеткирүүлөрдүн көлөмүнөн ашып кетти. Бул тууралуу өлкөнүн Улуттук экономика министрлиги билдирди. Казакстан товарларынын көбүн Италия, Кытай, Нидерланды, Түштүк Корея, Түркия жана Өзбекстан сыяктуу өлкөлөргө экспорттойт. Эгерде өлкөнүн тышкы соодасы тууралуу айта турган болсок, үстүбүздөгү жылдын 9 айында башка мамлекеттер менен болгон товар жүгүртүү 98 жарым миллиард долларды түздү. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 35%га көп.
Которгон: Илгиз Жамалбеков