Аскерий институт чехиялык учактар менен толукталды

Аскерий институт чехиялык учактар менен толукталды

Казакстандын аскер институту жаңы учактар ​​менен толукталды. Талгат Бегелдинов атындагы Актөбе аскер окуу жайынын аэропортуна Чехиядан эки атайын аба транспорту алып келинди. L-410 учагы 19 жүргүнчүнү, башкача айтканда парашютчуларды кондурууга ылайыкталган. Мындан тышкары, 1 тоннага чейин жүк ташууга жөндөмдүү. Толук бак менен саатына 400 чакырым ылдамдыкта учуп, 1200 километр аралыкты басып өтө алат. Дагы бир жөндөмү – абага көтөрүлүү үчүн 400 чакырымга чейинки учуп-конуу тилкеси жеткиликтүү. Казакстанда мындай 4 аба транспорту бар. Бул учактар ​​ ИКАОнун эл аралык учуу талаптарына толугу менен жооп берет. Буга чейин республиканын башка шаарларында учуу техникасын үйрөнгөн институттун курсанттары эми бул чеберчиликти өздөрүнүн окуу жайларында өздөштүрүшөт.

Ержан Нилдибаев, Абадан коргонуу күчтөрү башкы колбашчысынын орун басары:
- Биздин курсанттар жана аскердик учкучтар жаңы үлгүдөгү учактарды алышты. Жакынкы келечекте ушуга окшош дагы 4 учакты алуу мерчемделген. 2030-жылга чейин биз бул жерде авиациялык техниканын чоң паркын курушубуз керек. Чехия Республикасында атайын окутулган  ата мекендик инженердик-техникалык курам алардын кызматын өздөрү камсыз кылат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков