Түркестан облусунда узундугу 152 чакырымды түзгөн жаңы Дарбаза-Мактаарал линиясынын курулушу башталды. Телекөпүрө аркылуу курулушка Премьер-министр Алихан Смаилов старт берди. Бул долбоор Борбордук Азия жана Түштүк Азияга жаңы жол ачып, каттамды кыскартат. Ошол эле учурда, Өзбекстанга экспорттун көлөмүн бир топ жогорулатат. Белгилей кетсек, жыл башынан бери эки өлкөнүн ортосундагы жүк ташуу көлөмү 16 миллион тоннага жеткен.
Алихан Смаилов, Казакстандын
Премьер-министри:
- Өткөн жылы темир жолдор аркылуу
Казакстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгындагы эң жогорку жүк көлөмү ташылып, ал
245 миллиард тонна чакырымды түздү. Мындай көрсөткүчтөр геосаясий шарттарга
жана инфраструктуралык чектөөлөргө карабастан быйыл да сакталып турат.
Үстүбүздөгү жылдын аягына чейин Өзбекстандын катышуусу менен жүк ташуу көлөмү
болжол менен 31 миллион тоннаны түзөт деп болжолдонууда. Бул өткөн жылга
салыштырмалуу 16%га көп. Аталган участоктун өткөрүү жөндөмдүүлүгүн кеңейтүү,
ошондой эле, өлкөнүн экспорттук жана транзиттик дараметин жогорулатуу
максатында биз ири темир жол долбоорунун – Дарбаза – Мактаарал жаңы линиясын
курууну баштайбыз.
Жаңы темир жолдун курулушу 3400 жумушчу ордун түзүүгө мүмкүндүк берет. Долбоордогу Казакстандын үлүшү 85%ды түзөт. Ошондой эле, Түркестан облусунун алыскы Мактаарал жана Жетисай райондорун темир жол менен бириктирүү аркылуу аймактын өнүгүүсүнө чоң түрткү берилет.
Канат Алмагамбетов, «КТЖ» улуттук
компаниясынын башкарма төрагасынын орун басары:
- 9 станция курулат. Бул темир
жол Казакстандан аталган аймактарга жана ал райондордон Казакстанга жүктөрдү түз
жеткирүүнү камсыздайт. Ооганстанга, Иранга, Тажикстанга жана Өзбекстанга келе
турган товарлар ушул каттам аркылуу тезирээк өтөт. Мунун аркасында 2030-жылга
чейин жүк ташуу көлөмү 10-14 миллион тоннага көбөйөт деп күтүп жатабыз. Ал эми 2040-жылга
чейин 20-25 миллион тоннага чейин өсүшү мүмкүн.
Белгилей кетсек, Казакстандын транспорттук-транзиттик дараметин мындан ары кеңейтүү алкагында Өкмөт темир жол инфраструктурасын өнүктүрүү боюнча пландуу иштерди жүргүзүүдө. Атап айтканда, Достык-Мойынты участогунда экинчи жол жана Алматы айланма жаңы темир жол курулушу жүрүп жатат. Жакынкы арада Кытай менен үчүнчү эл аралык багытка чыга турган Бакты-Аягөз жаңы темир жол линиясын курууну баштоо мерчемделип жатат. Үч жылдын ичинде республика аймагында 1300 чакырымдан ашуун темир жол курулат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков