Маданият диалогу: казакстандык журналисттер Кытайда медиа турга чыгышты

Маданият диалогу: казакстандык журналисттер Кытайда медиа турга чыгышты

Чоподон жасалган аскер – бул Казакстандын Президенттик телерадиокомплексинин курамына кирген Jibek Joly/Silk way телеканалынын обьективинде. Журналисттер CGTN медиакорпорациясы тарабынан уюштурулган «Жибек жолу жана маданий мурастын руху» аттуу пресс-турдун алкагында Кытайдын улуттук баалуулуктарын өз көздөрү менен көрүштү. Бул чопо аскер Кытайдын биринчи императору Цинь Шихуанди менен бирге көмүлгөн сегиз миңден ашуун жоокердин айкелдеринен турат, алар ар кандай аскер бөлүктөрүн билдирет. Чеберлер ар бир айкелди майда-чүйдөсүнө чейин иштеп чыгышкан, анын ичинде жүзү, кийими жана соот-жарагы бар. Чоподон күйгүзүлүп жасалган жоокерлердин айкелине 2 миң жылдан ашык убакыт болгон. Белгилей кетсек, аскер 1974-жылы Сиань шаарынын жанынан табылган. Бүгүнкү күндө ачык асман алдындагы музейге жергиликтүү тургундар эле эмес, миллиондогон чет элдик туристтер да келишет. Белгилей кетсек, археологиялык экспозиция ЮНЕСКОнун маданий мурас тизмесине киргизилген.


Шерадил Бактыгулов, дүйнөлүк саясат институтунун мүдүрү:


- Жибек жолун жандандыруу тууралуу сөз козгогондо, сөзсүз түрдө, кеп маданияттын кайра жандануусу жөнүндө болот. Материалдык маданиятка карасак, Борбордук Азия өлкөлөрүнүн элдеринде илгертен бай руханий маданият болгонун көрсөтөт. Азыр Кытайдын Борбордук Азия өлкөлөрү менен кызматташтыгын чыңдоосунун аркасында археология, өнөр, музей курулушу тармактарында көптөгөн долбоорлор ишке ашырылууда. Азыр композиция жасоо жетишсиз, ал жеткиликтүү, ыңгайлуу жана суроо-талапка ээ болууга тийиш.


Серепчилердин айтымында, Жибек жолун жандандыруу экономикалык гана эмес, маданий процесс, ал Борбордук Азия менен Кытайдын руханий баалуулуктарын жана карым-катнаштарын өнүктүрүүгө көмөк көрсөтөт.

Которгон: Илгиз Жамалбеков