Казакстан жаңы маршруттар менен чет элдик туристтерди тартууну көздөөдө

Казакстан жаңы маршруттар менен чет элдик туристтерди тартууну көздөөдө

Казакстан Түштүк жана Түштүк-Чыгыш Азиядан, ошондой эле араб өлкөлөрүнөн келген туристтер үчүн тартуу борборуна айланууда. Аларды тоо лыжа базалары, активдүү эс алуу, тарыхый жерлер, казак элинин өзүнө таандык маданияты кызыктырат. Өлкө туризмдин башка түрлөрүн да сунуштайт – ишкердик, экологиялык, медициналык, үй-бүлөлүк. Айта кетсек, акыркысы чет элдиктер арасында көбүнчө популярдуу болуп баратат. Бул тууралуу Астанада жыл сайын өтүүчү эл аралык форумда туризм тармагынын өкүлдөрү билдиришти. Алардын айтымында, туристтик агымдын туруктуу өсүшүнүн жана Казакстандын дүйнөлүк рыноктогу атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуунун куралы болуп жаңы маршруттар жана багыттар кызмат кыла алат. Белгилей кетсек, Туризм министрлигинин маалыматы боюнча, 2025-жылдын биринчи жарым жылдыгында өлкөгө 7,5 миллион саякатчы келген. Көбүнчө Казакстанды эс алуучу жай катары Кытай, Индия, Түркия, Германия жана Түштүк Кореянын жашоочулары тандашат. Таиланд да чоң кызыгууну жаратууда.


Канчана Синг-Удом, Туризм башкармалыгынын аймактык мүдүрү, Таиланд:


- Тайландда Казакстанга саякаттоо азыркы учурда популярдуу болуп баратат. Биздин жарандар сиздердин өлкөнүн тоолорун, карды жана жаратылышын жакшы көрүшөт. Андан тышкары, мамлекеттер арасында түз аба каттамдары бар жана визасыз режим иштейт. Менин байкашымча, биздин жарандар Казакстан тууралуу буга чейин бул жакта болуп, социалдык тармактарда таасирлери менен бөлүшкөн инфлюенсерлерден жана тайланддык атактуулардан билишет. Бул башкаларды Казакстанга саякаттоого шыктандырат.


Ер-Али Тилеуов, Туроператордун борбор калаадагы кеңсесинин жетекчиси:


- Биз үчүн Кытай, Индия, БАЭ базарлары менен иштешүү абдан маанилүү. Монголия биздин рынок үчүн бизге кошулууда. Маңгыстау облусунун аймагы да бар жана анын мааниси бар. Анткени кызыгуу жыл сайын өсүүдө. Ар бир жайда өсөт. Бирок биз Бурабайга келген чет элдик туристтердин санынын өсүшүн да байкап жатабыз. Кызыккан өлкөлөр жана туристтер абдан көп. Менимче, бул Жапониянын рыногу болот.

Которгон: Илгиз Жамалбеков