Казакстандын Президенти менен Грузиянын премьер-министри сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү. Касым-Жомарт Токаев Ираклий Кобахидзеге сый-урмат көрсөтүп, өлкөгө расмий сапары казак-грузин өнөктөштүгүн бекемдөөдө өтө маанилүү экенин белгиледи. Мамлекет башчысы кол коюлган Стратегиялык өнөктөштүктү орнотуу боюнча биргелешкен билдирүү казак-грузин мамилелерин жаңы жана сапаттуу деңгээлге көтөрөрүнө ишеним билдирди. Ошондой эле президент энергетика, инвестиция, транспорттук байланыш, айыл чарба, санариптештирүү, туризм жана башка келечектүү тармактарга багытталган «жол картасын» иштеп чыгууну сунуштады.
Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:
– Эки
тараптуу соода жүгүртүүнүн мындан ары да өсүү потенциалы жогору. Казакстан Грузиянын
экономикасына жарым миллиард доллардан ашык инвестиция салды. Ошондой эле
аталган өлкөнүн ири инвесторлорунун катарына кирет. Биздин мамлекеттер
энергетика тармагында ийгиликтүү кызматташтыкты жолго койду. Биз Баку – Тбилиси
– Джейхан кууру менен мунай ташуунун көлөмүн көбөйтүүнү ниет кылып жатабыз.
Ираклий Кобахидзе, Грузия Премьер-министри:
– Эки тараптуу өнөктөштүктү жаңы стратегиялык деңгээлге чыгаруу биздин өкмөттөр менен элдерибиздин ортосундагы кызматташтык үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат. Сизге Стратегиялык шериктештик жөнүндө биргелешкен билдирүү кабыл алганыңыз үчүн ыраазычылык билдирем. Ошондой эле биз Казакстан менен саясий диалог болобу, институционалдык жана өкмөттүк алмашуулар болобу, ар кандай деңгээлдеги тыгыз өз ара аракеттенүүнү жогору баалайбыз.
Тараптар өз араларында пайдалуу инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдар экендигин тастыкташты. Айрыкча, Транскаспий эл аралык транспорттук багытына өзгөчө көңүл бурулду. Казакстан Батуми портунан тышкары, Грузиянын башка да деңиз портторуна кирүүгө кызыкдар. Ошондой эле эки өлкө санариптик өкмөт, онлайн мамлекеттик кызматтар жана GovTech чечимдери багытында тажрыйба алмашууга ниеттүү. Мындан тышкары, тараптар эки тараптуу саясий, саламаттыкты сактоо жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты кеңейтүү мүмкүнчүлүгүн талкуулашты. Кошумчалай кетсек, эки өлкөнүн делегация мүчөлөрү бир катар мамлекеттер аралык жана мекемелер аралык документтер менен алмашышты. Президент Касым-Жомарт Токаев эки өлкөнүн кызматташтыгын бекемдөөгө чоң салым кошкон Грузиянын премьер-министри Ираклий Кобахидзеге I даражадагы «Достук» орденин тапшырды.
Которгон: Илгиз
Жамалбеков

