Кытай төрагасын аэропортто тосуп алуу учун Ардак
кароолдун ротасы тизилди. Си Цзиньпинди борбор калаанын аэропортунан
Касым-Жомарт Токаев баштаган делегация тосуп алды.
КЭР-нын башчысы бул сапар «кытай-казак мамилелеринин
артыкчылыктуу багыттарын аныктоого мүмкүндүк берет» деген ишенимде. Бул
тууралуу ал Казакстандын массалык маалымат каражаттары үчүн жазган автордук
макаласында билдирди. Кытай лидеринин
айтымында, эки өлкөнүн дос кошунага айланышы учурдун талабы. Макалада Си
Цзиньпин Казакстандын аймагында кытай инвестициясы ишке ашырып жаткан бир нече
долбоорлорго токтолуп, «Батыш Кытай – Батыш Европа» коридорунун үзгүлтүксүз
иштеп турганына көңүл бурду.
-«Биз өз ара пайдалуу жана биргелешип өнүгүү духунда ишкердик кызматташууда жаңы көрүнүктүү натыйжаларга жетиштик. Өткөн жылы эки тараптуу сооданын көлөмү рекорддук деңгээлге жетип, 41 миллиард АКШ долларын түздү. Кытай Казакстандын негизги соода өнөктөшү жана казакстандык товарлардын эң ири импорттоочусу. Жаңыташ ЖЭБи, Тургысын ГЭСи сыяктуу стратегиялык маанилүү долбоорлор ийгиликтүү ишке кирди. Шымкент мунай заводун жаңылоо иштери менен капиталдык оңдоо иштери аяктады. Кытай-Казакстан мунай жана газ түтүктөрү коопсуз жана туруктуу негизде иштеп жатат. Айыл чарба өнүмдөрүнүн бардык түрлөрүн жеткирүүгө байланыштуу бажы процедураларын тездетүү үчүн жашыл коридор түзүлдү. Кытайлыктардын дасторконунда Казакстандын сапаты жогору болуп, экологиялык жактан таза айыл чарба өнүмдөрү барган сайын көбөйүп келүүдө».
Которгон: Илгиз
Жамалбеков