Мамлекет башчысы Кытай Эл Республикасынын Казакстандагы элчиси Хань
Чуньлинди кабыл алды. Жолугушууда Касым-Жомарт Токаевдин Кытайга боло турган
сапарына жана анын Шанхай кызматташтык уюмунун саммитине жана Тяньцзиндеги «ШКУ
плюс» жыйынына катышуусуна даярдык маселелери талкууланды. Казакстандын
президенти өлкө Кытай менен ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктү тереңдетүүгө
артыкчылык берерин баса белгиледи. Мамлекет башчысы ШКУнун саммити аймактык
кызматташтыкты өнүктүрүүгө көмөктөшүп, уюмдун тарыхында жаңы барагын ачаарына
ишеним билдирди. Өз кезегинде элчи бул иш-чаралар казак-кытай мамилелерин
чыңдоого кошумча түрткү берерин белгиледи. Тараптар ошондой эле өлкөлөрдүн
соода-экономикалык, инвестициялык жана маданий-гуманитардык өз ара
аракеттенүүсүн өнүктүрүү келечегин талкуулашты.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

