Казакстандын Президенти тогуздун айынын 17-18 күндөрү Кытай Эл Республикасына расмий иш сапар менен барат. Бээжинде Касым-Жомарт Токаев жогорку деңгээлдеги “Бир алкак, бир жол” демилгесинин III форумуна катышат. Ошондой эле, иш сапардын алкагында Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпин, Премьер-министр Ли Цян жана Эл өкүлдөрүнүн Бүткүл кытайлык жыйынынын Туруктуу комитетинин төрагасы Чжао Лэцзи менен сүйлөшүүлөрдү өткөрөт. Буга кошумча, Мамлекет башчысынын Кытай Эл Республикасынын ири компанияларынын жетекчилери менен бир катар жолугушууларды өткөрүүсү пландалууда. Эскерте кетсек, “Бир алкак, бир жол” долбоорун түзүү демилгеси биринчи жолу 2013-жылы Астанада жарыяланган. Аны ишке ашыруу Кытайды Евразия континенти жана Африка өлкөлөрү менен байланыштырган транзиттик-транспорттук системаны түзүүнү камсыз кылууга, сооданы жеңилдетүүгө жана экономикалык өсүштү стимулдаштырууга мүмкүнчүлүк берет.
Которгон: Илгиз Жамалбеков