Өткөн дем алыш күндөрү эфирге чыккан Silk Way Star эл аралык
вокалдык сынагынын төртүнчү эпизоду шоунун тарыхындагы эң адаттан тыш эпизод болду.
Катышуучулар бири-биринин тилдеринде ырдашты – кытай жана корей тилдеринен
тажик жана монгол тилдерине чейин. Ким кайсы тилде ырдаарын чүчү кулак
аныктады. Көпчүлүк үчүн бул сыноо чыныгы чакырык болду, бирок бардык катышуучулар ийгиликтүү өттү. Турдун жыйынтыгында кытай тилинде ырдаган
моңголиялык Мишель Джозеф жана монгол тилинде ырдаган малайзиялык Язмин Азиз
биринчи орунду бөлүп
алышты. Экөө тең 120 баллдан алышты.
Долбоордун төрт эпизодунун жыйынтыгы боюнча казакстандык Алем 470 балл менен
алдыда. Андан кийин Монголия менен Малайзия 450 баллдан алышты. Лидерлердин катарында
грузиялык жана өзбекстандык аткаруучулар да бар – аларда 448 баллдан. Белгилей
кетчү нерсе, бул этапта эч ким долбоордон кеткен жок, демек бардык катышуучулар
күрөштү улантышат. Эпизод чыныгы маданий саякат болуп калды: аткаруучулар
репертуарлары менен алмашып, бири-биринин каада-салттары жөнүндө көбүрөөк
билишти. Алдыда аларды дагы чечүүчү аткаруулар жана Silk Way Star
долбоорунун грандиоздуу финалы күтөт.
Мишель Джозеф, Silk Way Star катышуучусу, Монголия:
- Бул
укмуштуудай аткаруу болду! Бирок баары жакшы өттү, мен
өзүмдүн бийчилериме жана музыканттарыма ыраазычылык билдиргим келет. Алар абдан
күчтүү чыгышты жана мага да ошол энергияны беришти, алар мага жардам берип,
колдоо көрсөтүштү десем болот.
Язмин Азиз, Silk Way Star катышуучусу, Малайзия:
- Менин
аткаруумду эмне өзгөчө кылат? Мен мурда эч качан ырдабаган, атүгүл сүйлөбөгөн
тилде ыр аткардым. Баарын туура айтып, ырдадым деп үмүттөнөм.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

