Мажилис төрагасы Волгоградда Жеңиштин 80 жылдыгына арналган эл аралык форумда сөз сүйлөдү. Ерлан Кошанов белгилегендей, белгилүү датага карата Казакстан боюнча эки миңге жакын эскерүү, илимий-изилдөө, агартуу жана башка иш-чаралар өткөрүлөт. Алардын бири-Астанадагы аскердик парад. Мажилис төрагасы согушка 1 миллион 700 миңден ашуун казакстандык аттанганын белгиледи. Бул ошол кездеги республиканын калкынын төрттөн бири болгон. Алардын жарымынан көбү согуш талаасынан кайтып келген эмес. 500 казакстандык Советтер Союзунун Баатыры наамын алса, 100дөн ашыгы Даңк орденинин толук ээси болушту. Төртөө эки жолу Советтер Союзунун Баатыры аталышкан.
Ерлан Кошанов, Парламент мажилисинин төрагасы:
- Биз бул ыйык жерге Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгын утурлай жыйналдык. Бул жеңиш дүйнөлүк маанидеги тарыхый зор окуя. Согушту, баатырларды, алардын эрдиктерин түбөлүк эскерүү-биздин ыйык милдетибиз. Буга байланыштуу Касым-Жомарт Токаевдин төмөнкү сөзүн айткым келет: «Казакстан ар дайым тарыхый чындыктын жана адамзат жылнаамасындагы эң кандуу мезгил тууралуу чыныгы көз карашынын сакталышын каалайт».
Которгон: Илгиз Жамалбеков

