Казакстан Президентинин телерадиокомплексинин мыкты
даректүү тасмаларын Астанадан көрүүгө болот. Өлкөнүн азыркы тарыхы, коомдун
жана мамлекеттин жашоосундагы маанилүү окуялар тууралуу баяндаган тасмалар «Хроникадан
келечекке» республикалык кинолекториясынын алкагында тартууланат. Масштабдуу
агартуу долбоору борбор шаардын көрүүчүлөрүнө бир нече тасма менен таанышууга
мүмкүнчүлүк берди. Алардын бири – «Арал». Тасма Арал деңизинин жанында өмүр бою
жашаган балыкчы Кунтуган Тургынбаев жөнүндө баяндайт. Каарман аркылуу
экологиялык трагедиянын кесепеттери жана аймактын кайра жаралышына болгон
тургундардын үмүтү чагылдырылат.
Кунтуган Тургынбаев, «Арал»
тасмасынын башкы каарманы:
– Арал
деңизин калыбына келтирүү керек. Элге суу абдаг зарыл. Жердештеримдин атынан
Президентибизге Аралды сактап калуу үчүн болгон аракетин жумшап жатканы үчүн
ыраазычылык билдиргим келет. Бул иштин жыйынтыгын биз көрбөсөк да, балдарыбыз
жана неберелерибиз көрө алышат. Биз бул үмүттү сактайбыз.
Акылбек Шалжанов, Казакстан
Президентинин телерадио комлексинин документалдык кино борборунун мүдүрү:
– Бул
көйгөй Арал боюнун тургундарынын гана эмес, бүтүндөй мамлекеттин, ошондой эле
дүйнөлүк экологиялык күн тартибинин көйгөйү. Мамлекет башчысы бул маселени
дайыма өзгөчө көзөмөлдө кармап турат. Биздин максат – көрүүчүлөрдү даректүү
тасмаларга тартуу жана бул жанрды чоң экранга кайтаруу. Бүгүнкү күндө
кинотеатрларда негизинен көркөм тасмалар көрсөтүлөт, бирок даректүү тасмалар да
кеңири аудиторияны кызыктырып, өлкөбүз жана анын эли жөнүндө чыныгы окуяларды
айтып бере алат.
Каспий деңизиндеги аралда жайгашкан гидрометеорологиялык
станциянын башчысынын тагдыры жана башынан өткөргөн окуялары көрүүчүлөргө чоң
таасир калтырды. Президенттин телерадиокомплексинин Документалдык кино
борборунун тартуу тобу «Кулалы аралынын адамы» аттуу тасмада өмүрүнүн көп
бөлүгүн обочолонуп, чоң жерден алыс өткөргөн адамдын уникалдуу тарыхын
чагылдырган. Борбор калаанын тургундары жана коноктору «Кубаттуу өнөктөш» аттуу
тасманы да көрүштү. Анда мамлекет башчысынын Күн чыгыш өлкөсүнө болгон сапары,
ошондой эле өткөн жылы Токиодо өткөн «Борбордук Азия + Жапония» саммити
тууралуу баяндалат.
Бактыгали Игали, мектеп окуучусу:
– Тасмада
Казакстан менен Жапониянын
ортосундагы саясий мамилелер жөнүндө айтылат. Өлкөдө эмне болуп жатканын жана мамлекеттер
арасында кандай саясий өз ара аракеттер түзүлүп жатканын билүү керек. Тасма
баарына, айрыкча жаш аудиторияга пайдалуу. Мага жана менин досторума абдан
жакты.
Кинолекторий «Келечекке карай хроникадан» Казакстандын 20
шаарын камтыйт. Көрсөтүүлөр облустук акимчиликтердин колдоосу менен өтөт жана
масштабдуу долбоор аяк оона айынын 25де Алматыда жыйынтыкталат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

