Эртең, баш оона айынын 10унда Казакстанда Абай күнү белгиленет. Быйыл улуу ойчул жана агартуучу 179 жашка толду. Майрамдын алдында өлкө боюнча ар кандай китеп көргөзмөлөрү, конкурстар, викториналар, семинарлар, тренингдер өткөрүлөт. Албетте, майрам Абайдын мекенинде кеңири белгиленет.
Куат Киыкбай, Абайдын «Жидебай-бөрили» мамлекеттик тарыхый-маданий жана адабий мемориалдык музей-коругунун улук илимий кызматкери:
– Бизге 100 миңден ашык турист келет. Алар биздин өлкөнүн ар кайсы бурчунан гана эмес, чет өлкөдөн келген коноктор. Экскурсия учурунда алардын баары Абайдын ишмердүүлүгүнө, анын чыгармачылыгына кызыгышат. Алар ойчулдун жеке жашоосуна гана эмес, анын туугандарына, балдарына да кызыкдар болушат. Ошондой эле «тарбиялоо сөздөрү» жөнүндө өз ой-пикирлери менен бөлүшүшөт.
Которгон: Илгиз Жамалбеков