Ата мекендик делегация пайдалуу кендерди чалгындоо, өндүрүү жана өнөр жайды иштетүү мүмкүнчүлүктөрүн тааныштырганын Казакинвест билдирди. Ага 50гө жакын мамлекеттик жана жеке сектордун өкүлдөрү, анын ичинде ири компаниялар кирди. Тышкы иштер министринин орун басары Алмас Айдаров белгилегендей, улуттук павильондун иши башка өлкөлөр менен экономикалык кызматташууга түрткү берет. Бүгүнкү күндө Казакстан тоо-металлургия тармагын өнүктүрүүгө чоң көңүл буруп жатат. Анын үлүшү улуттук экспорттун 60 пайызын түзөт. Ошол эле учурда өлкө түстүү металлдардын 60тан ашык кенин иштетүүгө чакырды. Белгилей кетсек, Канада-Казакстан бизнес форуму Торонтодо өтөт. Жыл сайын PDAC-2023 көргөзмөсүн дүйнөнүн 130 өлкөсүнөн 25 миңден ашык адам көрүшөт.
Которгон: Илгиз Жамалбеков