Тайгандын генетикалык уникалдуулугу илимий жактан далилденди

Эттин баары казы эмес, иттердин баары тазы эмес! Казак эли ушундайча баасын арттырган кумай тайганынын уникалдуулугу далилденди. Казакстандык окумуштуулар анын уникалдуу экенин далилдеш үчүн 3 жыл бою генетикалык түзүлүшүн изилдеп чыгышты. Натыйжада, ал кылымдар бою жөндөмүн жана сапатын жоготпогон эң байыркы ит породасы катары классификацияланган. Итти жети казынанын бири катары эсептеген казак эли төрт буттуу малдын ичинен тайганга өзгөчө көңүл бурган.

Ескендир Ильдаров, генетика жана физиология институтунун басма сөз кызматынын башчысы:

- Бул уникалдуу порода экени талашсыз. Түрк, орус, ооган иттеринин арасында кездешпейт. Генетик катары биз археологиялык материалдарды казып, тайган болуу убактысын аныктап жатабыз. Тарыхый маалыматтарга карасак, ага миң жылдан ашат.

Тайгандын породасы  жөнүндөгү чындыкты билүү үчүн окумуштуулар заманбап молекулярдык-генетикалык методдорго кайрылган. Башкача айтканда, дененин клеткаларынан маалымат чогултулган.  Мындан тышкары анын адаты, табияты, көнүү касиеттери изилденди. Ушундан улам илимпоздор анын тездик менен чыдамкайлыгынын аркасында уланып келе жатканына ынанышкан.

Бакытжан Бекманов, генетика жана физиология институтунун алдыңкы илимий кызматкери:

- Таблицада баары ачык-айкын көрүнүп турат. Салыштыруу үчүн казак тайгандары менен катар ооган жана орус тайгандарынын, араб салюгү, блотхаунд, оттерхаунд жана боз карышкырдын геномдору алынды. Дүйнөлүк илимде оогандык тайганы жана салуки эң байыркы порода экени белгилүү. 50 муун мурун бул аймакта тайгандардын саны азайып кеткен. Бирок азыр көбөйүп, таралып, таанылуусуна ар тараптуу шарттар түзүлүп жатат. Эми өнүүгүгө тийиш.

Бейрасмий маалыматтар боюнча өлкөдө 3 миңдей тайган бар. Так санын чыгаруу маанилүү. Ошонун негизинде породанын сапаты аныкталат. Учурда таза кандуу иттерди сактоо жана өнүктүрүү программасы түзүлдү. Генетиктер эми тайган - эл аралык деңгээлде жеке порода катары катталат деген үмүттө.

Которгон: Илгиз Жамалбеков