«Astana Musical» театрынын артисттери СССРдин жана Казакстандын Эл артисти, Казакстандын Эл Баатыры, ырчы Роза Тажыбай кызынын өмүрүнө жана чыгармачылыгына арналган спектаклди коомчулукка тартуулашты. Кошумчалай кетсек, мюзиклде башкы каармандын ролун аткарган актриса Зарина Макина Англия, Германия жана Франциядагы кесиптештеринен ашып, "Мыкты актриса" номинациясын жеңип алды. Театрдын көркөм жетекчиси казак сахнасынын легендасынын үнүн уккан көрүүчүлөр спектаклди көргөндө окшоштуктарды сезсе деген максаты ишке ашканын билдирди.
Еслям Серик уулу Нуртазин, «ASTANA MUSICAL» мамлекеттик театрынын көркөм жетекчиси, режиссер:
Анын “Эх, Самара, городок” деп ырдап жатып үнүн мүмкүн болушунча Роза Тажибай кызы энебиздин үнүндөй чыгарууга аракет кылганы чоң эмгектин жемиши. Бул бир эле Заринанын эмес, вокалдык машыктыруучуларыбыздын, жалпы командабыздын эмгегинин натыйжасы. Буга чейин биз 5 мюзиклды көргөнбүз. Анда Кореянын, Германиянын мюзиклдерин көрдүк. Абдан мыкты деңгээлде. Биз алар менен бир категорияда жүргөндө кадимкидей тынчсызданып жаттык. Бирок атыбыз аталганда кекиртегибиз айрылганча кыйкырдык.
Белгилей кетсек, Казакстан курамасы Түштүк Кореянын Тэгу шаарында жыл сайын дүйнөнүн бардык өлкөлөрүнөн театрларды жана чыгармачыл жамааттарды чогулткан беделдүү эл аралык музыкалык фестивалга биринчи жолу катышты.
Которгон: Илгиз Жамалбеков