Казакстанга 37 компания көчүп келүүсү мүмкүн

Казакстанга 37 компания көчүп келүүсү мүмкүн

Жыл аягына чейин Казакстанга 37 чет элдик компания көчүп келүүсү мүмкүн. Алардын жалпы капиталынын наркы 1 миллиард долларга жетет. Бул компаниялар өндүрүш ишканасы, IT, санариптештирүү жана тоо-кен тармагында иш алып барат. Бул тууралуу Улуттук экономика министрлиги кабарлады. Мекеменин маалыматына караганда, ар бир компаниянын көчүп келүү мөөнөтү ар башка. Өкмөт бул багытта иш алып барууда. Азыр өлкөгө 30 мамлекеттен 400гө жакын компания көчүп келүүгө кызыктар. Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө Казакстанга жалпы капиталынын наркы 1,5 миллиард долларды түзгөн 41 чет элдик ишкана келген.

 

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков