Казакстандык тынчтык күчтөрүнүн үчүнчү контингенти Голан
дөңсөөлөрүнө жөнөп кетти. 139 адам БУУнун байкоочу күчтөрүнүн бир бөлүгү катары
кызмат кылат. Тынчтык күчтөрү улуттук контингент Алматыда салтанат менен
узатылды. Мурдагы контингенттер бардык жүктөлгөн милдеттерди ийгиликтүү аткарып,
БУУнун миссиясынын жетекчилигинин жогорку баасын алышты. Бүгүнкү күндө 150дөн
ашуун казакстандык аскер кызматкерлери БУУнун Жакынкы Чыгыш жана Африкадагы
тынчтыкты сактоо боюнча жети миссиясына катышууда.
Ришат Садыков, тынчтык күчтөрү
миссиясынын катышуучусу:
– Биздин негизги миссиябыз
бөлүнүүнү көзөмөлдөө - биз муну күнүмдүк патруль - ок атышууну токтотуу,
инженердик колдоо көрсөтүү жана гуманитардык жардам жеткирүү аркылуу ишке
ашырабыз. Биз 3-Улуттук контингент, бардык жүктөлгөн тапшырмаларды жогорку
деңгээлде аткарып, өлкөбүзгө аман-эсен кайтып келүүгө милдеттүүбүз.
Исламжан Шамиров, тынчтык күчтөрү
миссиясынын катышуучусу:
– БУУнун Миссиясына катышуу мен үчүн чоң сыймык жана жоопкерчилик. Эл аралык аренада Казакстандын атынан чыгып, тынчтыкты жана коопсуздукту сактоого салым кошкум келет. Биздин даярдык бир нече айга созулду жана абдан интенсивдүү болду. Биздин машыгуунун негизги максаты взводубуздун ичиндеги катуу тартип жана ынтымак болгон.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

