Кызылорда
облусуна караштуу Казалы районундагы байыркы Жанкент шаарынан байыркы күмүш
тыйындар табылды. Бул шаар – огуздардын борбору болгон орто кылымдык калктуу-конуш.
Бир кезде Европа менен Азияны байланыштырган. Жалпысынан, урандыга айланган
шаарды изилдөө иштери 2005-жылы башталган. Ошондон бери көптөгөн байыркы
буюмдар табылды. Бул жолу окумуштуулар күмүш тыйындардын казынасын табышты. Изилдөөчүлөр
араб жазуусу бар буюм IX кылымга таандык деп болжолдоп жатышат.
Сейдалы
Билалов, илимий-изилдөө борборунун жетекчиси:
- 50дөн
ашык тыйын табылды, Хорезм шах дооруна таандык монеталар табылды. Бирок алардын
кызыктуу жагдайы – перечеканка, башкача айтканда, экинчи жолу кайра чегерилген.
Бетинде Огуз бийлөөчүлөрү Хорезмшах тыйындарынын бетине кайрадан теңге чегерилген.
Башкача айтканда, бийлөөчүнүн аты-жөнү жазылган, бийлеген жылдары жазылган
белгилери бар. Азырынча нумизматтардын изилдөөсүнө сунуштайбыз.
Шахин
Мустафаев, Түрк академиясынын президенти:
- Жанкент
шаары жөн гана археологиялык жай эмес, эрте орто кылымдарда Улуу Жибек жолунун
боюндагы маанилүү шаар. Едил-Жайык, Каспий жана Хорезм арасындагы саясий, соода
жана маданий байланышты арттырган борборлордун бири болгон. Казуу иштеринин
жүрүшүндө табылган огуз-кыпчак мурасы түрк дүйнөсү маданиятынын орток экендигин
көрсөтүп турат.
Тарыхый
олжо Түрк академиясы менен Коркыт Ата атындагы Кызылорда университетинин
окумуштууларынын биргелешип жүргүзгөн изилдөө иштеринин жүрүшүндө табылды.
Окумуштуулар тыйындарды таза куйма күмүш деп болжолдоп жатышат. Бул Жанкентте
соода-сатык менен өркүндөө өнүккөнүн айгинелейт. Орто кылымдык ордодо баалуу
тыйындардан тышкары карапа буюмдардын бир нече үлгүсү табылган. Жанкент
шаарчасынын жалпы аянты 17 гектардан ашат. Бүгүнкү күнгө чейин болгону 3 миң
чарчы метрден ашык аянтка изилдөө иштери жүргүзүлгөн.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

