Түндүк Казакстан облусунда археологдор 15 миң жылдык мамонттун сөөгүн табышты

Түндүк Казакстан облусунда археологдор 15 миң жылдык мамонттун сөөгүн табышты

Казакстандын түндүгүндө мамонттун сөөгү табылды. Анын узундугу бир метрден ашык. Археологдор бул укмуштуудай табылганын жогорку палеолит дооруна таандык деп эсептешет. Болжол менен 15 миң жыл мурун бул жерде жаныбар жашаган болушу мүмкүн. Адаттан тыш ачылыш Кызылжар районунун Байтерек айылынын жанында, Есил дарыясынын жээгинде жасалган. Окумуштуулардын айтымында, сөөк жакшы абалда табылган. Алардын божомолу боюнча, бул жерде бүтүндөй скелет болушу мүмкүн.

¤


Анатолий Плешаков, Тарых илимдеринин кандидаты:


- Болжолдуу өлчөмү бийиктиги 4-5 метр, узундугу да ошого жараша болгон. Мамонттордун салмагы 20 тоннага чейин жеткен. Бул эң чоң мамонттордун бири. Калган мамонттун сөөктөрү дагы эле жерде болушу мүмкүн деп ойлойм. Бирок, албетте, ошол доордун эмгек куралдарын табуу абдан кызык болмок. Бул укмуштуудай сенсация болмок.


Археологдор келерки жылы Есилдин жээктеринде толук масштабдуу казуу иштерин баштоону пландаштырууда. Алар бул жерде байыркы тарыхтын башка баалуу далилдери жашырылган болушу мүмкүн деп эсептешет. Алар өткөндүн жаңы барактарын ачууга жардам берет.

Которгон: Илгиз Жамлабеков