«Астана Опера» балдар арасында театр өнөрүн өнүктүрүүнү колго алды

«Астана Опера» балдар арасында театр өнөрүн өнүктүрүүнү колго алды

Эми борбор калаанын өспүрүмдөрү сахна сыртында сырдуу дүйнөнүн сырларын ача алышат. Борбор калаадагы «Астана Опера» театрынын жамааты балдарды театралдык өнөргө тарта баштады. Учурда искусство борборунда ушундай 4 ийрим ачылган. Жакынкы арада 10-14 жаштагы окуучулар үчүн дагы эки чыгармачылык сабак пайда болот. Уникалдуу долбоор Казакстандагы «Балдар жылы» алкагында ишке ашырылууда.

Виктор Караре, «Астана Опера» театры мүдүрүнүн орун басары:

- Акимчиликке арыздар толтурулат. Ошого жараша балдарды кабыл алабыз. Биз алар үчүн болгон шартты түзүүгө аракет кылдык. Алардын өз залы болот, ар кандай багытта иш алып барышат. Балдар мындай кызыкка толгон театр искусствосунун кыр сырына үңүлүп, өнөргө бир кыйла жакындайт. Театрда жогорку квалификациялуу адистер сабак беришет.

Квалификациялуу адистердин бири Гаухар Укасова. Ал сахналык кийимдерди тигүү боюнча чебер. Балдарды моделдөө, тигүү, кездемелер менен иштөө, курак куроо сыяктуу өнөрлөргө үйрөтөт. Анын айтымында, бул көптөгөн эмгекти талап кылат. Ага тырышчаактык жана өз ишин чексиз сүйүү керек. Гаухар шакирттеринин ушул сапаттарга ээ болуусуна аракет кылат.

Гаухар Укасова, окутуучу, кийим тигүү чебери:

- Сабактар быйылкы жылдын бирдин айынын 1де башталды. Бүгүнкү күндө төрт топ түзүлдү. Биринчи топ кийим тигүү, экинчи топ курак куроо, үчүнчүсү жыгачтан оюу, төртүнчүсү живопись. Биз бардык топторду чогулттук, балдар абдан берилүү менен катышып жатат. Алардын кызыкчылыгы жогору деп айта алам. Көздөрү жанып турат жана сезондун аягында жакшы жыйынтыкка жетишебиз деген үмүттөбүз.

Театрдын жетекчилигинин айтымында, бул окуу программасы бир жылга эсептелген. Аны аяктагандан кийин балдарга атайын сертификат берилет. Мындан тышкары, өспүрүмдөр ар кандай көргөзмөлөргө, ал тургай спектаклдерге катышууга мүмкүнчүлүк алышат. Ошентип, театр жаш чеберлерге искусствонун укмуштуудай өнөр дүйнөсүнө жол ачат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков