Улуттук музейде К. Муллашевдин жеке көргөзмөсү ачылды

Белгилүү казакстандык кылкалем чебери Камил Муллашевдин 100гө жакын чыгармасы "мезгил күзгүсү" экспозициясына кирди. Сүрөтчүнүн 80 жылдыгына карата Улуттук музейде жеке көргөзмө ачылды. Көркөм сүрөт чеберинин чыгармачылык фондунда ар кандай жанрларда жазылган миңдеген эмгектер бар. Ата мекендик автордун эмгектери эл аралык деңгээлде таанылып, дүйнөнүн мыкты музейлерине коюлган. Тандалган чыгармалар Лихтенштейн, Франция, Англия, АКШ, Канада, Орусия, Түркия, Кытай, Жапониянын жеке коллекцияларында сакталуу. Өнөр чеберлеринин айтымында, анын өзүнүн кайталангыс кол тамгасы бар. Ал өзүнүн эмгектери аркылуу жашаган мезгилине кайрылат. Анын бул касиети сүрөттөрүн тартымдуу кылып, өнөр сүйүүчүлөр коомчулугун өзүнө тартып турат.

Гүлзира Сарсенбаева, чебер:

- Менин анын уникалдуулугу таң калтырды. Анын чыгармачылыгын эч ким менен салыштырууга болбойт. Теңдешсиз деп айтаар элем. Ал бардык жанрларда иштей алат. Ар бир эмгек философиялык тереңдиги менен айырмаланат. Кимдин болсун көңүлүнө жагат. Ошондуктан, чыныгы чебер сүрөтчү. Жаштарга мындай адамдардын чыгармачылыгын изилдөөгө кеңеш берем.

Камил Муллашев, эмгек сиңирген маданият ишмери, Сүрөтчүлөр бирикмесинин мүчөсү:

- Көптөгөн чет элдик көргөзмөлөрдө - Италияда, Флоренцияда, Дубайда, Москвада, Лос-Анжелесте, Америкада жана Францияда көптөгөн эмгектерим бар. Эл аралык аренада өзүбүздүн кайталангыс сүрөт искусствомду көрсөткүм келет. Көптөгөн ыкмалардын үстүндө иштейм. Заманбап жана классикалык стилистика, реализм, сюрреализм, импрессионизм сыяктуу ар түрдүү жанрларды жана мезгилдерди, өз чыгармачылыгыма камтууга аракет кылышат. Мыкты кесиптик реализм мектебинен өттүм.

Которгон: Илгиз Жамалбеков