Ашхабадда түркмөн-иран көргөзмөсү өттү

Улуттук салттар менен заманбап техниканын симбиозу. Ашхабадда түркмөн-иран саркеч кийимдеринин көргөзмөсү өттү. Айрыкча сайма, мончоктор менен кооздолгон модалуу аялдар кийимдери келгендердин өзгөчө кызыгуусун жаратты. Мындан тышкары коноктор үчүн атайын мастер-класстар өткөрүлдү. Ошентип, алар өз өнөрлөрү бар кол өнөрчүлөрдүн сырларын ачууга мүмкүнчүлүк алышты. Көргөзмө түркиялык жана ирандык чеберлердин чыгармачылык дараметин гана көрсөтпөстөн, эки өлкөнүн ортосундагы тажрыйба алмашуу жана тыгыз маданий байланыштарды чыңдоо аянтчасына айланды. 

Навид Расули, Иран ислам республикасынын Түркмөнстандагы маданият маселелери боюнча кеңешчиси:

– Көргөзмөдө Түркмөнстандын текстиль тармагында иштеген кол өнөрчүлөр ар кандай улуттук, байыркы жолдор менен жасалган эмгектерин көрсөтүшөт. Бул улуттук кийимдердин бардыгы түркмөн-иран элдеринин байыркы тамырларынын биримдиги сыяктуу. Биз мындай көргөзмөлөрдүн жогорку деңгээлде өткөрүлүп жатканына сыймыктанабыз жана аларга түркмөн элинин чыныгы кызыгуучулугун көрүп жатабыз.

Которгон: Илгиз Жамалбеков