Silk Way Star: Катышуучулар долбоорду уюштурууну баалашты

Silk Way Star: Катышуучулар долбоорду уюштурууну баалашты

«Silk Way Star» эл аралык долбоорунун үстүндө тажрыйбалуу команда иштеп жатат. Аянтчада күнү-түнү жүздөн ашык адис эмгектенүүдө. Бири техникалык маселелерге жооп берсе, башкалары конокторду жайгаштырууга, аларды коштоп жүрүүгө жана трансферге жооптуу. Шоунун катышуучулары өз таасирлери менен бөлүшүүдө. Көпчүлүгү мындай уюшкандыкта, сахнада да, анын сыртында да баары майда-чүйдөсүнө чейин ойлонулганын мурда көрбөгөндөрүн айтышууда. Дал ушул себептен улам артисттер шоу Азия жана Евразия медиа мейкиндигинде көрүнүктүү гана эмес, чындап эле уникалдуу окуя болоруна ишенишет.

Довран Шаммыев, «Silk Way Star» катышуучусу, Түркмөнстан:

- Баары сонун уюштурулуп, пландаштырылган: транспорттон баштап, костюмдар, сахна жана башка бардык нерселер. Биринчи эпизоддон көргөн сүрөттөрүбүз, ар бир коюлган номер кандайдыр бир өзгөчө аткаруу болгон. Ошондуктан мен уюштуруучуларга абдан ыраазымын - Казакстан жана кытайлык өнөктөштөр ушундай уникалдуу телешоу жаратуу үчүн чоң иштерди жасашты, мен келечекте ал Европанын "Евровидениеси" сыяктуу эле популярдуу болот деп үмүттөнөм.

Долбоордун катышуучуларын уюштуруу гана эмес, Казакстандын борборунун кооздугу да таң калтырды. Алар үчүн шаар боюнча экскурсия уюштурулуп, анын жүрүшүндө 12 өлкөдөн келген катышуучулар, ошондой эле долбоордун калыстар тобу казак элинин «жети казынасы» менен таанышты, алардын арасында - тазы жана бүркүттөр бар.

Чжан Хэ Сюань,  Silk Way Star катышуучусу, Кытай:


- Бүгүн мен биринчи жолу бүркүттү тирүү көрдүм жана аябай таң калдым, мурда аны сыналгыдан гана көрчүмүн. Аларды багуу жана көбөйтүү кыйын экенин билем. Бул чынында эле кооз куш, мен үчүн бүркүт – күчтүн символу. Ошондой эле сиздердин улуттук кийимдериңизге суктандым, дагы домбрада ойногонуңузду ырахат менен уктум.


Ал эми эл аралык долбоордун катышуучулары казакстандыктарга өлкөнүн Конституциясынын 30 жылдыгына карата белек жасашты. Түркмөнстандын, Өзбекстандын жана Грузиянын артисттери чогуу казак тилинде "Атамекен" аттуу легендарлуу ырды аткарышты.

Которгон: Илгиз Жамалбеков