Бикен Римованын 100 жылдыгына арналган көргөзмө ачылды

Бикен Римованын 100 жылдыгына арналган көргөзмө ачылды

Өмүрүнүн 60 жылын театрга арнаган сахна жетекчиси, ата мекендик кинонун каарманы 200дөн ашуун аялдын образын чеберчилик менен аткарганы маалым. Андыктан анын артына калтырган мурасы аз эмес. Таланттуу чыгармачылыгы жана жашоосунан кабар берген сахналык кийимдери, фото-сүрөттөр, жеке буюмдары Улуттук музейге коюлду. Анын зер буюмдары, кур жана капчыгы, жазган китептери, токулган кийимдери көпчүлүктүн назарына сунушталды. Бардыгы болуп 100гө жакын экспонат Жетису облусунун Бикен Римова атындагы драма театры жана Мухаметжан Тынышбай уулу атындагы тарыхый-чөлкөм таануу музейинин корунан алынды. Көргөзмө бирдин айынын аягына чейин уланат.

Күлаш Исабекова, Жетису облусунун М. Тынышбай уулу атындагы тарыхый-чөлкөм таануу музейинин мүдүрүнүн орун басары:

- Көргөзмөнүн экспозициясында анын төрөлгөндөн баштап өнөрдөгү чыгармачылыгы, алган сыйлыктары жана орун басарлары менен шакирттерине чейин камтылган. Ал келечекте дагы уланат. Аймактардан сунуштар түшүп жатат. Жыйынтыктоочу көргөзмө анын өзү туулуп-өскөн жери Жетису аймагындагы облусттук музейде уюштурулат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков