Касым-Жомарт Токаев казакстандык жоокерлердин рухуна таазим этти

Касым-Жомарт Токаев казакстандык жоокерлердин рухуна таазим этти

Касым-Жомарт Токаев Улуу Жеңиштин 80 жылдыгына карата Астанадагы Ата Мекен монументине гүл коюп, казакстандык жоокерлердин рухуна таазим этти. Президенттик оркестр мамлекеттик гимнди аткарып, ардактуу кароолдун ротасы тизилди. 

Эскерте кетсек, согушка 1 миллион 200 миңден ашуун казакстандыктар катышкан. Республиканын ар бир төртүнчү тургуну аскерге аттанган. 500дөн ашуун казакстандык Советтер Союзунун Баатыры наамын алган. Тылда эмгектенгендер аз эмес. Согуш талаасында атылган ар бир тогузунчу ок Казакстанда жасалды.  

Касым-Жомарт Токаев Улуу Жеңиштин 80 жылдыгына арналган иш-чараларга катышуу үчүн Орусияга барды

Касым-Жомарт Токаев Владимир Путиндин чакыруусу менен Улуу Жеңиштин 80 жылдыгына арналган иш-чараларга катышуу үчүн Орусияга барды. Казакстандын президенти бүгүн Москвада бир катар чет мамлекеттердин башчылары менен жолугушуу өткөрөт. 

Которгон: Илгиз Жамалбеков