Термез диалогунда транспорттук коридорлордун мүмкүнчүлүктөрү талкууланды

Термез диалогунда транспорттук коридорлордун мүмкүнчүлүктөрү талкууланды

Өзбекстанда Термез диалогунун экинчи отуруму өттү. Жыйында Борбордук жана Түштүк Азиянын ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери талкууланды. Иш-чарага саясатчылар, дипломаттар, серепчилер, ишкер чөйрөлөрдүн, ошондой эле эл аралык жана аймактык уюмдардын өкүлдөрү катышты. Жолугушууда транспорт жана логистика маселелерине өзгөчө көңүл бурулду. Катышуучулар Борбор Азия өлкөлөрүнүн деңизге чыга албагандыгын жана бул жагдайда жаңы багыттарды өнүктүрүү, транспорттук чыгымдарды азайтуу жана аймактын экспорттук мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү өзгөчө маанилүү экендигин белгилешти. Ошондой эле жыйындын жүрүшүндө серепчилер саясий-экономикалык жана маданий-гуманитардык өз ара аракеттенүү маселелери боюнча пикир алмашышты. Мындан сырткары тараптар климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуу темасын да талкуулашты.


Каха Имнадзе, БУУнун Башкы катчысынын атайын өкүлү, Борбор Азиядагы алдын алуу дипломатиясы боюнча аймактык борбордун жетекчиси:


– Экинчи Термез диалогу – өтө маанилүү форум жана байланыш аянтчасына айланды. Бул Өзбекстан сунуштап жаткан башка демилгелер сыяктуу эле туруктуулуктун, тынчтыктын, коопсуздуктун жана гүлдөп-өнүгүүнүн өтө маанилүү шарттарына ишенимди бекемдөөгө кызмат кылат. Алар коомдорду жана маданияттарды жакындаштырууга багытталган. Борбордук Азия жана Түштүк Азия өлкөлөрүнүн жалпы тарыхы жана цивилизациясынын тамыры бир. Мамлекеттерди жана элдерди бириктирген мындай уникалдуу аянтчалардын мааниси өзгөчө.


Бул диалог - туруктуулукту биргелешип камсыз кылууга негизделген Азиядагы өз ара таасирдүүлүк жана ишеним шарттары боюнча кеңештин концепциясына ылайык келет.

Кайрат Сарыбай, Азиядагы өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча кеңештин Баш катчысы:


– Термез диалогу бүгүн Азиядагы өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча кеңешти ушул керемет шаарга алып келди. Себеби биздин максаттарыбыз Термез диалогунун милдеттерине дал келет. Азия элдери диалог орнотууга умтулушат, ошол аркылуу биз өз ара шайкеш келип, бирге иштей ала турган дараметтүү тармактарды аныктайбыз. Кандай гана кооперация болбосун, экономикалык өндүрүмдүүлүктү жогорулатууга, маданий алмашууну жакшыртууга мүмкүнчүлүк түзүп, өнүгүүбүзгө жаңы дем берет.


Которгон: Илгиз Жамалбеков