Казакстанда жолдордун сапатын жасалма интеллект көзөмөлдөйт

Казакстанда жолдордун сапатын жасалма интеллект көзөмөлдөйт

Казакстанда «Екатеринбург – Алматы» унаажолунун 30 чакырымынан ашыгы капиталдык оңдоодон өтөт. Республикалык маанидеги жолго талдоо жүргүзгөн жасалма интеллект аталган тилкенин талапка жооп бербестигин аныктаган. Учурда тармактын адистери 4 атайын камера жана бир нече акылдуу түзүлүш менен жабдылган лабораториянын жардамы менен асфальт жабуусунун бекемдигин, тегиздигин текшерүүдө. Алардын айтымында, санариптик система жумушту бир топ жеңилдеткен. Мисалы, мурда 100 чакырымдын маалыматын иштеп чыгууга болжол менен 4 сутка кетчү. Ал эми азыр сапаты менен болгону 3-4 саатта даяр болот.

Жолдубай Тентеков, Улуттук Сапат борборунун филиалынын мүдүрү:

- Буюртмачы бул участокто учурдагы оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүүгө ниеттенген экен. Бирок көчмө жол лабораториясы диагностика жүргүзгөндөн кийин, жасалма интеллект анын сапаты өтө начар экенин аныктап берди. Ошондуктан буюртмачы бул аймакта капиталдык оңдоо иштерин жүргүзүү жөнүндө чечим кабыл алды.

Жол жабуусунун кемчиликтерин аныктоочу дагы бир казакстандык ойлоп табуу. Ал үчүн Jolscan долбоорунун компьютердик көрүү технологиясы тез жардам жана патрулдук унаалардын регистраторуна түшкөн видеолорду пайдаланат. Бардык чогултулган маалыматты система автоматтык түрдө иштеп, катталган кемчиликтерди шаардын коммуналдык кызматтарына жөнөтөт. Бүгүнкү күндө анын жардамы менен оңдоону талап кылган 500гө жакын участоктору катталган. Азыркы учурда алардын жарымынан көбү калыбына келтирилди.

Рустем Кадыров, долбоордун иштеп чыгуучусу:

- Тез жардамдын жардамы менен жолдун жабылышын көзөмөлдөйбүз. Тагыраак айтканда, андагы регистраторго түшкөн видео агымын талдайбыз. Жасалма интеллект модели жолдордогу чуңкурларды аныктайт. Андан кийин талапка жооп бербеген жерлер интерактивдүү картага чыгарылат. Чуңкурдун так жайгашкан жерин, катталган күнүн белгилеп салабыз. Иш жүзүндө мурда кол менен чогултулган маалыматты азыркы учурдагы акылдуу система аткарат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков