Алматы облусунда жаңы дары-дармек заводу курулат

Алматы облусунда жаңы дары-дармек заводу курулат

Казакстанда эми бир фармацевтикалык завод пайда болот. Өндүрүш очогун Алматы аймагында куруу пландалган. Объект толугу менен жеке инвесторлордун каржысына курулат. Долбоорду ишке ашырууга жалпысынан 32,5 млрд теңге сарпталат. Толук циклдуу биофармацевтикалык комплексте дары-дармектин 20 түрүн чыгаруу көздөлгөн. Алардын ичинде онкологиялык жана сейрек кездешүүчү ооруларды дарылоого арналган жана заманбап иммунобиологиялык препараттар бар. Долбоордун алкагында илимий-изилдөө иштери да жүргүзүлөт. Адистерди окутуу, квалификациясын жогорулатуу системасы түзүлөт. Завод 2031-жылы ишке кирет деп пландалган.

Тимур Муратов, Саламаттыкты сактоо вице-министри:

– Дары-дармектерди өндүрүү GMP эл аралык стандарттарына ылайык келет жана дары-дармектерди өлкө ичинде өндүрүүгө мүмкүндүк берет. Ушундайча, аталган долбоорду эсепке алганда, азыр 8 ири фармацевтикалык долбоор ишке ашырылууда. Жалпы инвестициянын көлөмү 391 миллиард теңгеден ашат. Бул жүздөгөн дары-дармек түрлөрүн чыгарууга, миңден ашык жумуш орундарын ачууга мүмкүндүк берет.

Которгон: Илгиз Жамалбеков